Дарыгер диабеттин өрчүшүнө коркунуч келтирген адатты атады

Дарыгер мөмө-жемиштеги нукура фруктоза чынында организмге пайдалуу болгону менен аны алмаштыргыч катары сунушталган азыктардын кооптуу болушу мүмкүн деген пикирин айтты. 
Sputnik
БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Фруктоза кошулган "диеталык" таттуулар адамды семиртип жана диабеттин өнүгүшүнө алып келет. Бул тууралуу дарыгер жана теле алып баруучу Александр Мясников билдиргенин РИА Новости жазды.
Анын айтымында, мөмө-жемиштеги нукура фруктоза чынында организмге пайдалуу. Анткен менен аны алмаштыргыч катары сунушталган азыктардын курамындагы кант кооптуу болушу мүмкүн.
"Маселен, фруктоза алма, алмурут, жашылча-жемишсиз сиңип кетиши башкача болот... Түз эле фруктозаны жегенибизде туура эмес жерге, туура эмес убакта, туура эмес өлчөмдө сиңе баштайт", — деген дарыгер.
Адис ден соолугуна кам көргөн адамдарды таттуулардын мындай түрүнөн баш тартууга чакырган.
Мясников бул затты арыктоо үчүн жегенде да көйгөй жаратарын кошумчалган.