Үйүнөн чыңыртып сүйрөп чыгып... Бишкекте аялды карактагандар видеого түшүп калган

Милиция кызматкерлери бул ишке шектүү катары 30 жаштагы Б.Т. аттуу жаранды кармады, учурда экинчиси изделүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Бишкекте көп кабаттуу үйдө жашаган аялдын үйүнө белгисиз адамдар кирип карактап кеткен. Бул туурасында Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.
Каракчылардын үйгө кирген учуру видеобайкоого тартылып калган. Кадрдан эки киши аялды ички бөлмөдөн залга сүйрөп чыгып, уруп жатканын көрүүгө болот. Андан соң бирөө үйдүн ээси менен алек болуп, экинчиси башка бөлмөлөрдү текшерүүгө өткөн.
Милициянын маалыматы боюнча, жабырлануучу аял 26-январга караган түнү саат 03:30 чамасында Панфилов көчөсүндө жайгашкан батирине белгисиз адамдар кирип карактап кеткенин айткан.
Бишкек: кыздарды батиринен тоноп, банк картасын тартып алгандар кармалды. Видео
Жазган арызында аны бычак менен коркутуп эки уюлдук телефонун, 3000 сомдук кол кабын, 28 миң сом акчасын жана ID-паспортун алып чыгып кеткенин билдирген.
Аталган факт боюнча Жазык кодексинин 202-беренеси ("Карактоо") менен сотко чейинки өндүрүш ачылган.
Милиция кызматкерлери бул ишке шектүү катары 30 жаштагы Б.Т. аттуу жаранды кармап, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизди. Экинчи шектүүнүн ким экени аныкталап, издөө жүрүп жатат.