Бишкектин четинде жолго ташталган чоң станокко төрт автоунаа урунду. Видео

Жол кырсыгы таңда болгон. Трассага майдалоочу станокту таштап кетишкен. Милиция окуянын чоо-жайын айтып берди.
Sputnik
БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Чүй облусунун аймагында жолго ташталган майдалоочу станокко төрт автоунаа урунуп алганын Жол кыймылы коопсуздугунун аймактык башкармалыгы кабарлады.
Окуя кечээ таңда Бишкектен Эркин экономикалык аймакка кетип бараткан трассада болгон. Кырсык болгон жерден тартылган видео "Короче" Telegram каналына жүктөлдү. Кадрлардан Mercedes үлгүсүндөгү машинанын станокту сүзүп алганын көрүүгө болот. Андан сырткары, Mazda жана Mercedes Sprinter да урунган.
"Алдын ала маалымат боюнча, майдалоочу станоктун дөңгөлөгү бир нерсе болсо керек. Ээси жабдууну саат түнкү экиге чейин кайтарып жатышканын, кырсык болбошу үчүн бардык аракеттер көрүлгөнүн айтты. Жолдон алып коюу үчүн машинага кетишкен. Дал ушул маалда ага микроавтобус урунган, ичинде айдоочу гана болгон. Жол инспекторлору келип, авариялык белги коюп башташкан. Бирок дагы үч автоунаа келип кагышкан. Абалды коюу туман да курчутуп жиберди", — дешти милициядан.
Башкармалыктан алдын ала маалымат боюнча Mercedes унаасынын айдоочусу тиешелүү ылдамдыкты сактабаганын белгилешүүдө. Жалпы жонунан беш киши жабыркаган. Ал эми станоктун ээси милицияга алып келинген, тергөө иштери уланууда.