Президенттин маалымат кызматынын башчысы пара талап кылды деп кармалды. Сүрөт

Нургазы Анаркулов 2020-жылдын 30-октябрында президенттин маалымат кызматынын жетекчиси болуп дайындалган.
Sputnik
БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Ири өлчөмдө пара талап кылган деп шектелип президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Нургазы Анаркулов кармалганын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Ири өлчөмдө пара талап кылган деп шектелип президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Нургазы Анаркулов кармалганын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди
Колун кайрып, акчасын алып... Баткенде иштеген бажычыны кармаган видео
Аталган факт боюнча Кылмыш кодексинин 326-беренеси ("Пара талап кылуу") боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.
Анаркулов бүгүн, 30-январь күнү, колго түшүрүлүп, УКМКнын Тергөө башкармалыгына алып келинди.