Радио

Шахабидинов: креативдүү экономиканы өнүктүрүү пландалууда

Экономика министрлигинин мамлекеттик - жеке өнөктөштүк бөлүмүнүн башчысы Мухаммед Шахабидинов креативдүү экономиканы илгерилетүү боюнча концепция иштелип чыкканын маалымдады.
Sputnik
Кыргызстандын ички дүң өндүрүмүнө креативдүү экономиканын салымы бир пайызды гана түзөт. Бул тууралуу Мухаммед Шахабидинов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, креативдүү экономикага кино, жарнама, дизайн, архитектура, маалыматтык технологиялар сыяктуу 12 тармак кирет.
"Креативдүү экономика Улуу Британия, Грузия жана Кенияда жакшы өнүгүп жатат. Маселен, Улуу Британиянын ички дүң өндүрүмүнүн алты пайызы дал ушул багытка туура келип, эки миллионго чукул адам аталган тармакта эмгектенет. Кыргызстанда креативдик индустриянын ИДӨгө салымы бир пайызды гана түзөт. Бул башка өлкөлөргө салыштырганда аябай аз. Анткен менен өлкөдө бул багытта жакшы мүмкүнчүлүктөр бар. Ошондуктан креативдүү экономиканы өнүктүрүү үчүн мамлекет шарт түзүп берүүсү керек. Тактап айтканда, жөн эле өндүрүштү массалык түрдө өстүрө бербестен, сапатты жогорулатуу менен кымбат баадагы товар чыгарууга мүмкүнчүлүк түзүү зарыл", — Шахабидинов.
Ошондой эле ал концепция креативдүү экономика жаатында эмгектенгендерди көмүскөдөн чыгарууга да багытталганын кошумчалады.