Коронавирустан эки киши көз жумуп, 76 адам оору жуктурду. Статистика

Көз жумган эки бейтап Бишкек шаарында дарыланып жаткан. Коронавирус 1 411 адамдын өмүрүн алып кетти.
Sputnik
БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Коронавирус инфекциясынан бир сутка ичинде 138 киши сакайды, ошол эле учурда 76 адам оору жуктурду. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда:
Жугуштуу илдетти жалпысынан өлкө боюнча 80 781 адам жеңди.
Акыркы сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:
Пандемиядан бери жалпы 84 453 кишиден илдет аныкталды.
Өлкөгө ПЦР-тести жок келгендер эмне болот? Жаңы эреженин түшүндүрмөсү
Тилекке каршы, COVID-19дан Бишкек шаарында эки киши көз жумду. Коронавирус марттан бери 1 411 адамдын өмүрүн алып кетти.
Стационарда дарыланууда 598 бейтап бар. Алардын ичинен беш адамдын абалы канааттандырарлык, 387си орточо, 179у оор жана 27си өтө оор абалда. Ал эми 732 бейтап амбулатордук дарыланууда.