БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Индия бийлиги Кыргызстанды азырынча офлайн окуу үчүн медициналык ЖОЖдорду ачпай турууга чакырды. Мындай өтүнүч менен Индиянын Кыргызстандагы элчиси Алок Амитабх Димри өкүлчүлүктүн Twitter баракчасы арыклуу КР өкмөтүнө кайрылды.
Элчи өз катында аталган окуу жайларда индиялык 15 миңдин тегериндеги студент билим аларын белгилеген.
"COVID-19 пандемиясы күчүндө, эл аралык каттамдар токтоп жатат. Медициналык инфраструктураны, медиктердин, ооруканадагы орун жетишсиздигин жана күнүнө 150дөй жаңы учурларды көңүлгө алып, студенттик кампустар коопсуздукка, вакцинацияга жана студенттер арасында оорунун чыкпай турганына кепилдик бере аларынан күмөнүм бар. Мындан тышкары, шек санаткан протоколдор, карантин жайлары тууралуу кабардармын", — деди дипломат.
Катта Ош жана Канттагы окуу жайлар офлайн билим берүүнү жанданта турганы боюнча маалыматтар тарап жатканы айтылат.
"Мен КР өкмөтүн студенттер арасында болчу катастрофаны алдын алууга чакырам", — деп айтылат кайрылууда.
Элчи студенттердин басымдуу бөлүгү кыргыз өкмөтүнөн эпидемиологиялык кырдаал турукташкыча онлайн окутууну улантууну өтүнүп жатканын белгиледи.