ЕАЭБ жарандары Россияга Армения жана Беларусь аркылуу кире алат

Токтом аэропортко келгендерге гана тиешелүү. Алардын, мындан тышкары, COVID-19га тапшырган тести таза чыгышы зарыл.
Sputnik
БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө-мамлекеттердин жарандарына Россияга Беларусь жана Армениянын аймагы аркылуу кирүүгө уруксат берилет. Бул тууралуу РФ өкмөтүнүн токтомунда айтылды.
ЕАЭБдин мигранттар үчүн пенсия келишими. КР жарандары үчүн кандай пайдасы бар?
Россияга жол тарткандар жыйынтыгы терс чыккан коронавирус тестин "Путешествую без COVID-19" мобилдик тиркемесинен көрсөтүшү зарыл.
Эскерте кетсек, ЕАЭБге Кыргызстан, Армения, Казакстан, Беларусь жана Россия мүчө. Ал эми Молдова, Куба жана Өзбекстан байкоочу макамына ээ.