Мэрия Бишкектин мектеп, бакчаларын офлайн-режимге өткөрбөй турууну чечти

Муниципалитет борбор калаада эпидемиологиялык кырдаал бир аз болсо да турукташып калганын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Бишкектин мектеп жана бала бакчаларын толугу менен офлайн-режимге өткөрүү мөөнөтү жылды. Бул тууралуу мэрия кабарлады.
Эскерте кетсек, 18-январдан тарта 1, 5, 9 жана 11-класстын окуучулары мектепке барып-келип окуп жатышат. 1-февралдан тарта калган класстар салттуу режимге өтүп, бала бакчалар иштей турганы айтылган.
"Борбор калаада эпидемиологиялык кырдаал бир аз болсо да турукташып калды, бирок толук жакшы деп айтууга эрте. Мындан улам окуу процессин жана бала бакчалардын ишин офлайн-режимде жандантуунун мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу чечими кабыл алынды", — деп айтылат маалыматта.
Мэрия абалды туура түшүнүүнү өтүнүп, кырдаалды көзөмөлдөөнү улантып жатканын белгиледи.