Артем Новиков ЕАЭБ алкагындагы онлайн-жыйынга катышты. Сүрөттөр

Жыйын 5-февралда Алматы шаарында өтө турган премьер-министрлердин деңгээлиндеги Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешмесин утурлай уюштурулду.
Sputnik
БИШКЕК, 30-янв — Sputnik. Биринчи вице-премьердин милдетин аткаруучу Артем Новиков Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин кезектеги онлайн-жыйынына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
1 / 2
Биринчи вице-премьердин милдетин аткаруучу Артем Новиков Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин кезектеги онлайн-жыйынына катышты
2 / 2
Жыйын 5-февралда Алматы шаарында өтө турган премьер-министрлердин деңгээлиндеги Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешмесин утурлай уюштурулду
Жыйын 5-февралда Алматы шаарында өтө турган премьер-министрлердин деңгээлиндеги Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешмесин утурлай уюштурулду.
"Тараптар Евразия экономикалык бирлигиндеги атайы, коргоочу, антидемпингдик жана компенсациялык чараларды колдонуу механизмин өркүндөтүү боюнча кадамдарды, Евразиялык экономикалык бирликтеги идентификациялоо каражаттары менен товарларды маркалоо тутумун базалык технологиялык жактан уюштуруу модели тууралуу маселени талкуулады", — деп айтылат маалыматта.
Кеңешменин жыйынтыгы боюнча ЕЭК кеңешинин бир катар чечимдери, анын ичинде фторид алюминий жана фторид кальцийге карата алып кирүүчү бажы алымдарынын ченин орнотуу жана өзгөртүү, "Энергия пайдалануучу жабдыктардын энергетикалык натыйжалуулугуна талаптар жөнүндө" техрегламенттин күчүнө кирүү мөөнөтүн бир жылга жылдыруу боюнча жана башка доккументтер жактырылды.
Кезектеги жыйын 8-февралга белгиленди.