Улам убара болбойлу! Мамытканов "Ак-Жол" пунктунун кантип оңдолуп жатканын көрдү

Реконструкциялоо планы боюнча бул бекет 2020-жылдын соңунда оңдолуп бүтүшү керек болчу. Бирок коронавирус пандемиясына байланыштуу иштин мөөнөтү узартылган.
Sputnik
БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Вице-премьердин милдетин аткаруучу Максат Мамытканов кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Жол" көзөмөл-өткөрүү пунктунун реконструкцияланышынын жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
1 / 3
Вице-премьердин милдетин аткаруучу Максат Мамытканов кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Жол" көзөмөл-өткөрүү пунктунун реконструкцияланышынын жүрүшү менен таанышты
2 / 3
Билдирмеге ылайык, реконструкциялоо планы боюнча бул бекет 2020-жылдын соңунда оңдолуп бүтүшү керек болчу
3 / 3
Бирок коронавирус пандемиясына байланыштуу иштин мөөнөтү 2021-жылдын биринчи кварталына чейин узартылган
Билдирмеге ылайык, реконструкциялоо планы боюнча бул бекет 2020-жылдын соңунда оңдолуп бүтүшү керек болчу. Бирок коронавирус пандемиясына байланыштуу иштин мөөнөтү 2021-жылдын биринчи кварталына чейин узартылган.
Вице-премьердин милдетин аткаруучу өткөрүү пунктун реконструкциялоо мезгил талабы экенин белгилеген.
"Көзөмөл-өткөрүү пункту — бул өлкөнүн жүзү. Чек арабызды кесип өтүүчү ар бир адам үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү зарыл. Биздин өлкө тууралуу коноктордо жакшы пикир калуусу керек. Буга анын техникалык жактан жабдылышы, эл аралык стандарттарга шайкеш келүүсү, ошондой эле чек ара кызматкерлеринин жарандарга карата жасаган кичи пейил мамилеси да кирет", — деген Мамытканов.
Ошондой эле оңдоо иштеринин сапатына өзгөчө көңүл бурулушу керектигин айтты.
Артем Новиков ЕАЭБ алкагындагы онлайн-жыйынга катышты. Сүрөттөр
"Көзөмөл-өткөрүү пунктун реконструкциялоонун сапаты бардык эл аралык талаптарга дал келиши зарыл. Бир-эки жылдан кийин кайра оңдоого муктаждык жаралбашы керек. Сапатты көзөмөлдөө жогорку деңгээлде жүргүзүлүүгө тийиш", — деди аткаминер.
Натыйжада Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын жетекчилигине оңдоо иштеринин бүткөрүлүшүн жеке көзөмөлгө алуу тапшырылды. Мамытканов анын аталган көзөмөл-өткөрүү пунктуна бир айдан соң келерин эскертти.