Xiaomi зымы жок смартфон кубаттагыч чыгарды. Видео

Жаңы технология бир эле учурда бир нече уюлдук аппаратты кубаттай алат. Ал чубалжыган зымы жок, ыңгайлуу жабдуу.
Sputnik
БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Xiaomi компаниясы биринчи ирет зымы жок кубаттагыч чыгарды. Жаңы технология гаджеттерди аралыктан эле кубаттап коёт. Бул тууралуу компания өзүнүн блогуна жарыялады.
Маалыматка караганда, аталган жабдык бир эле учурда бир нече смартфонду кубаттай алат. Ага эч кандай зымдын кереги жок.
"Станциянын формасы үкөк сымал. Ал миллиметрлик толкундан нур чачыратып бир нече смартфонго жөнөтө алат. Толкундар электр энергиясына айланып уюлдук аппаратты кубаттайт", — деп айтылат маалыматта.
Xiaomi компаниясынан билдиришкендей, технологияны смартфон үчүн гана эмес, акылдуу сааттарга, фитнес-браслеттерге дагы колдонсо болот.
Mi Air Charge кубаттоочу станциясы качан сатыкка чыгары айтыла элек.