Шарты начар. Сурабалдиева №1 тергөө абагын Бишкектин четине көчүрүүнү сунуштады

Өкмөт өкүлү Саламаттык сактоо министрлигине мекемени тез жардам унаасы менен камсыздоону тапшырып, аталган жайга медициналык окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүн бөлүштүрүү тапшырмасын берген.
Sputnik
БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Вице-премьердин милдетин аткаруучу Эльвира Сурабалдиева Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын № 21 (Бишкек шаардык СИЗО-1) мекемесине барды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
1 / 6
Вице-премьердин милдетин аткаруучу Эльвира Сурабалдиева Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын № 21 (Бишкек шаардык СИЗО-1) мекемесине барды
2 / 6
Сурабалдиева атайын жайдын күзөт жана медицина-санитардык бөлүгүн, ашканасын, тергөөдөгү, камакка алынгандар жаткан камераларды, соттолгондор жашаган жайды көрүп чыккан
3 / 6
Вице-премьердин милдетин аткаруучу COVID-19дун жаңы штаммы кирип, жайылып кетпеш үчүн санитардык талаптарды тыкыр сактоо маанилүү экенин белгилеген
4 / 6
Текшерүү учурунда Сурабалдиева №1 тергөө абагын Бишкек шаарынын четине көчүрүү маселесин чечүү жана мекеме үчүн жаңы имарат куруу зарылдыгына токтолду
5 / 6
Жарандарды кармоо шарты абдан начар. Көп жылдардан бери имаратта капиталдык ремонт жүргүзүлгөн эмес, инфраструктурасы эскирип, жараксыз абалга жеткен. Камералардын абалы жакшы эмес. №1 тергөө абагын дислокациялоо жана жаңы имаратты куруу боюнча ишти активдештирүү керек", — деди ал.
6 / 6
Өкмөт өкүлү Саламаттык сактоо министрлигине мекемени тез жардам унаасы менен камсыздоону тапшырып, аталган жайга медициналык окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүн бөлүштүрүү тапшырмасын берген.
Сурабалдиева атайын жайдын күзөт жана медицина-санитардык бөлүгүн, ашканасын, тергөөдөгү, камакка алынгандар жаткан камераларды, соттолгондор жашаган жайды көрүп чыккан.
Вице-премьердин милдетин аткаруучу COVID-19дун жаңы штаммы кирип, жайылып кетпеш үчүн санитардык талаптарды тыкыр сактоо маанилүү экенин белгилеген.
Текшерүү учурунда Сурабалдиева №1 тергөө абагын Бишкек шаарынын четине көчүрүү маселесин чечүү жана мекеме үчүн жаңы имарат куруу зарылдыгына токтолду.
"Жарандарды кармоо шарты абдан начар. Көп жылдардан бери имаратта капиталдык ремонт жүргүзүлгөн эмес, инфраструктурасы эскирип, жараксыз абалга жеткен. Камералардын абалы жакшы эмес. №1 тергөө абагын дислокациялоо жана жаңы имаратты куруу боюнча ишти активдештирүү керек", — деди ал.
Өкмөт өкүлү Саламаттык сактоо министрлигине мекемени тез жардам унаасы менен камсыздоону тапшырып, аталган жайга медициналык окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүн бөлүштүрүү тапшырмасын берген.