"UFC сыяктуу": Хабиб Нурмагомедовду "КАМАЗ" футбол клубу катарына чакырды

Профессионалдык футбол лигасынын командасы мушкерди Новороссийск шаарында өтүүчү машыгууга чакырган.
Sputnik
БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Россиянын Профессионалдык футбол лигасындагы (ПФЛ) "КАМАЗ" футбол клубу UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедовду командасына чакырды. Аталган клуб өзүнүн сунушун Instagram баракчасына жарыялады. 
Чакырууда ПФЛ дагы UFC сыяктуу экени айтылат.
"Хабиб, сага эшигибиз ачык! Биздин команданын курамында чоң футбол ойноону сунуш кылабыз. ПФЛ — бул футболдун UFC уюму сыяктуу. Биздин буга далилибиз бар: "Ак Барс" клубунун хоккейчиси Артем Лукоянов. Биз ар бир беттеште жеңиш үчүн ойнойбуз. "КАМАЗ" ФНЛ лигасына чыгууга максат койгон команда. Сени Новороссийск шаарында өтүүчү машыгууга чакырабыз", — деп айтылат билдирүүдө.
Нурмагомедов буга чейин көп жолу футболго кызыгарын, жоро-жолдоштору менен дайыма ойноп турарын айтып келет. Мушкер өткөн жылдын октябрында америкалык Дастин Гэтжини утуп, чемпиондук наамын үчүнчү ирет удаасы менен коргогондон кийин спорттон кетерин жар салган.
"КАМАЗ" футбол клубу ПФЛде өз тобунда төртүнчү орунда келе жатат.