БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Ош шаарында аскер бөлүгүнүн кызматкери баңгизат сатуу каналын уюштурганы аныкталып, кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы билдирди.
Ага ылайык, 30 жаштагы А. уулу Н. аттуу аскер кызматкери 27-январь күнү өсүмдүк тобундагы баңгизатты сатып жаткан учурда колго түшүрүлгөн. Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган зат 7 граммды түзгөн гашиш деп табылган.
"Мындан тышкары, кармалган адамдын Ош жана Чүй облустарында баңгизат таратып жүргөнү аныкталды. Ошондой эле абакта жазасын өтөп жаткандарга да тыюу салынган затты берип жүргөнү белгилүү болду", — деп айтылат маалыматта.
Учурда сотко чейинки иликтөө иштери жүргүзүлүп, кылмышка тиешеси бар башка адамдар дагы аныкталып жатат.