БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Бир сутка ичинде Кыргызстанда коронавирус 74 кишиден табылып, 162 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан маалымдашты.
Өткөн суткада Ысык-Көл облусу менен Баткенде коронавирус бир да адамдан аныкталган эмес.
Жуктургандар:
Ушуну менен өлкөдө вирус илештиргендердин жалпы саны 84 377ге жетти.
Айыккандар:
Оору жуктургандардын басымдуу бөлүгү айыккан, тагыраагы, 29-январга карата 80 643 бейтаптын коронавирусту жеңгени маалым болду.
Тилекке каршы, өткөн суткада коронавирус Ысык-Көлдөн бир адамдын өмүрүн алган. Ушуну менен жалпы 1 409 адам акка моюн сунду.
Учурда стационарларда 600 бейтап коронавирустан дарыланып жатканы айтылды. Анын ичинен 180 адамдын абалы оор болсо, 23 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланууда.
Кечээтен бери бир медицина кызматкеринен коронавирус аныкталган. Ал ооруну Жалал-Абадда кызыл зонада иштеп жүрүп илештирген.