Эркин күрөш боюнча КР чемпионатында бүгүн беш салмактагы чемпиондор аныкталды. Видео

Чемпионаттын биринчи күнүндө 57, 65, 74, 86 жана 97 килограмм салмактагы спортчулар килемге чыгышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Эркин күрөш боюнча 2021-жылдагы өлкө чемпионатынын биринчи күнүндө беш салмак даражасында балбандар күч сынашып, жеңүүчүлөр аныкталды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине мелдештин башкы катчысы, эл аралык категориядагы калыс Муктар Дуконалиев билдирди.
Мелдеш Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт сарайында көрүүчүлөрсүз өттү. Анын жүрүшүн "КТРК спорт" телеканалы жана Kyrgyz Sport TV, BigserSport Youtube каналдары түз алып көрсөттү.
Чемпионаттын биринчи күнүндө 57, 65, 74, 86 жана 97 килограмм салмактагы спортчулар килемге чыгышкан.
"Мелдеште 74 килограмм салмактагы тажрыйбалуу балбан Эламан Догдурбек уулу менен өткөн жылдагы чемпион Арсалан Будажаповдун беттеши көпчүлүк күрөш ышкыбоздорун кызыктырган. Чынында алар бир сеткага түшүп, жарым финалда кез келишип, айыгышкан кармаш тартуулашты. Эламан тажрыйбалыгын көрсөтүп, экинчи үч мүнөттүктө астына чыгып жеңип кетти", — деп белгиледи ал.
Мелдештин биринчи күнүндөгү таймаштардын жыйынтыгы төмөнкүчө болду:
57 килограмм:
65 килограмм:
74 килограмм:
86 килограмм:
97 килограмм:
Эртең 61, 70, 79, 92 жана 125 килограмм салмактагы атлеттер килемге чыгышат.
Белгилеп кетсек, чемпионаттын жыйынтыгы менен Эркин күрөш боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы куралат.