ЕАЭБ быйыл басым жасай турган 5 артыкчылыктуу багыт аталды

Биринчи болуп өнөр-жай кооперацияларын өнүктүрүү жана инфраструктуралык долбоорлорун ишке ашыруу иштери жасалат.
Sputnik
БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев ЕАЭБге төрагалык кылып турган чагында жасала турган беш артыкчылыктуу багытын атады. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиянын экономика жана каржы саясаты боюнча министри Тимур Жаксылыков билдирди.
Ал Москва — Бишкек — Ереван — Минск — Нур-Султан видео көпүрөсүндө сөз сүйлөдү. Эске салсак, Казакстан быйыл ЕАЭБге төрагалык кылууда.
Өзгөчө маани берилген артыкчылыктуу багыттар:
Үчүнчү өлкөлөр жана интеграциялык топтор менен соода-экономикалык, инвестициялык кызматташтыкты арттыруу. Мунун максаты — тышкы рынокко экспорттун көлөмүн жогорулатуу.