Форма кийип, курал көтөрүп... Армияда кызмат өтөгөн аял жоокерлердин сүрөттөрү

Sputnik

Аялдарды назик деп билгенибиз менен аларды эркектерге ылайыкташкан чөйрөдөн деле көрө алабыз. Мисалга армияны алсак болот. Израилде армияга аялдар дагы чакырылары маалым, Кытайдын армиясында дагы кыз-келиндер көп. Россия менен АКШнын армиясынан деле бийкечтерди көрүүгө болот. Кайсы жерде болбосун аялзаты сулуу, көзгө жагымдуу болгусу келет эмеспи. Эми АКШнын аял аскерлерине чачын түйүп, кыска кылып кыркып, сөйкө тагып, оозу менен тырмактарын боёого уруксат берилди.

 

1 / 15
Кыздарды АКШ армиясынын аялдар корпусуна кошулууга чакырган 1943-жылкы постер
2 / 15
Санкт-Петербургдагы Петр Великий атындагы Аскер-деңиз институтунун курсант кыздары
3 / 15
Түркиянын Кургактагы аскерлеринин аял офицерлеринин эс алып жаткан кези
4 / 15
Индиянын аскер училищесинин кадети кесиптешин маданий иш-чарага даярдап, боёнтуп жатат. Секундерабад шаары
5 / 15
Латвиянын Улуттук куралдуу күчтөрүнүн парадына катышып жаткан жоокер кыз
6 / 15
Япониянын Коргонуу күчтөрүнүн парады
7 / 15
Италиянын "Аоста" армиясынын бригадасы
8 / 15
Сеулдагы (Түштүк Корея) машыгуу лагериндеги кыздар
9 / 15
Румыния менен АКШлык аял аскерлер Капу-Мидия полигонундагы машыгуу учурунда
10 / 15
Сантьягодогу аскер кызматкери (Чили)
11 / 15
Вьетнамдагы парадга чыккан жоокер аялдар
12 / 15
Израиль армиясындагы кыздар
13 / 15
Түндүк Кореянын элдик армиясынын капитаны Чхве Ун-Чон Пхеньяндагы музейдин алдында сүрөткө түшүп жаткан кези
14 / 15
Швеция армиясынын жоокери Strong Europe танк сыноолору учурунда снарядын көтөрүп баратат
15 / 15
Жоокер аял Кытайдын аскерий жетишкендиктерине арналган Пекиндеги көргөзмөнүн ачылышына даярданып жатат