Ысык-Көлдө айдоочу автоунаасы менен Жыргалаң суусуна түшүп кетти. Видео

Автокырсык бүгүн саат 16:00дө болгон. Кырсыктын келип чыгышына айдоочунун рулду башкара албай калышы себеп болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Ысык-Көл облусунда айдоочу автоунаасы менен Жыргалаң суусуна түшүп кетти. Маалыматты облустук милициядан тастыкташты.
Кырсык 28-январь күнү саат 16:00дө болгон. Volkswagen Golf II унаасын башкарып бараткан айдоочу рулду башкара албай көпүрөдөн түшүп кеткен. 
Кырсыктын кесепетинен эч ким жабыркаган эмес. Айдоочу 29 жаштагы Боз-Булуң айылынын тургуну болгон.