Жума күнүнө карата аба ырайы

29-январга караган түнү республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. 29-январь, жума күнү, өлкөнүн тоолуу райондорунда кар жаашы болжолдонууда. Кээ бир райондордо туман түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +1…+6, Талас өрөөнүндө +3…+8, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +6…+11, Ысык-Көл жергесинде -1…+4, Нарында -4…-9 градусту түзөт.
Бишкек жана Ош шаарларында кар жаабайт. Термометр борбордо +3…+5, Ошто +8…+10 градусту көрсөтөт.