Президент Жапаров биринчи кезекте кайсы жарлыктарга кол коерун айтты

Жапаров өлкөнүн отуз жыл бою топтолгон беш миллиард долларлык ички-сырткы карызын толук төлөө милдети анын президенттик мезгилине туш келгенин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Жаңы шайланган өлкө башчы Садыр Жапаров алгачкы президенттик жарлыктары кризистик жагдайдан чыгууга жана экономиканы жандантуу чараларын камтууга багытталарын билдирди.
Жапаров өлкөнүн отуз жыл бою топтолгон беш миллиард долларлык ички-сырткы карызын толук төлөө милдети анын багына — президенттиги башталган мезгилге туш келгенин айтты.
"Ал ортодо коронавирус пандемиясы да республиканын бюджетине кескин түрдө кедергисин тийгизди. Энергетика тармагындагы абал катастрофалык кырдаалга кептелип, 137 миллиард сом (1,5 миллард доллар) карызы бар экен. Албетте, мындай абалдан чыгуу өтө оор кыйынчылык менен коштолору айкын. Ошондуктан алгачкы президенттик жарлыктарым кризистик жагдайдан чыгуу, экономиканы жандантуу чараларын камтууга багытталат", — деди мамлекет башчы.
Белгилей кетсек, президенттин ант берүү аземи Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өттү. Иш-чарага мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин депутаттары, экс-премьер-министрлер, маданият өкүлдөрү келгени түз эфирден көрсөтүлдү.