Садыр Жапаровдун иш бөлмөсү Өкмөт үйүндө болот

Саналуу мүнөттөрдөн кийин жаңы шайланган президент Садыр Жапаровдун инаугурациясы өтөт. Иш-чара болжол менен 30-40 мүнөткө созуларын буга чейин президенттин маалымат кызматы билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Жаңы шайланган президент Садыр Жапаровдун иш бөлмөсү Өкмөт үйүндө жайгашат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Нургазы Анаркулов билдирди.
Буга чейинки президенттер Жогорку Кеңештин имаратында, тагыраагы, Ак үйдө иштеп келишкен.
Жапаров филармонияга кирерде "Манас" жаңырат. Инаугурациянын программасы
Министрлер отурган имарат Ак үйдөн анча алыс эмес жерде, эски аянтта, жайгашканы маалым.
Эске салсак, бүгүн, 28-январда, жаңы шайланган президент Садыр Жапаровдун ант берүү аземи өтөт. Иш-чара Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында болуп, азем түз эфирден көрсөтүлөрү күтүлүүдө.
Инаугурация аяктаган соң Садыр Жапаров иш бөлмөсүнө келери айтылды.