Садыр Жапаров Нурсултан Назарбаевдин атайын өкүлүн кабыл алды

Мамлекет башчы кызматка киришкен күнү "Газпром" компаниясынын  төрагасынын орун басары жана директорлор кеңешинин мүчөсү Виталий Маркеловду да кабыл алган.
Sputnik

БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин атайын өкүлү, Казакстан элинин ассамблея төрагасынын орун басары Жансеит Туймебаевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Жапаров Түймебаевге инаугурацияга  катышкандыгы үчүн ыраазычылык айтты. Ал боордош эки элдин ортосундагы мамилени бекемдөөгө Назарбаевдин салымы зор экенин белгилеген.

Жапаров эл аралык уюмдардын башчылары менен жолукту. Сүрөт
Мамлекет башчы Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, инвестициялык алакаларды кеңейтүүгө даяр жана кызыкдар экенине токтолгон.

Өз кезегинде Туймебаев Кыргызстанга Назарбаевдин атайын тапшырмасы менен келгенин белгиледи. Ошондой эле казакстандыктар боордош кыргыз элинин тагдырына жана Кыргызстанда болуп жаткан окуяларга кайдыгер эместигин айтты.

Тарыхтагы 6-президент Жапаров такка кантип отурду. Маанилүү ирмемдер видеодо
Жапаров кызматка киришкен күнү "Газпром" компаниясынын  төрагасынын орун басары жана директорлор кеңешинин мүчөсү Виталий Маркеловду да кабыл алган.

Жолугушууда өлкөнү газ менен камсыздоо системасын жакшыртуу боюнча мындан аркы чаралар талкууланды. 

Мамлекет башчы "Газпром" Кыргызстандын газ тармагын өнүктүрүүгө чоң салым кошуп жатканын белгилеп, бул багытта жүргүзүп жаткан иштери үчүн ыраазычылык билдирген.