Жапаров эл аралык уюмдардын башчылары менен жолукту. Сүрөт

Мамлекет башчы Кыргызстан келишимдерге ылайык бардык эл аралык милдеттенмелерди мындан ары да аткара берерин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров эл аралык уюмдардын башчылары менен жолукту. Бул тууралуу анын маалымат кызматы кабарлады.
Жолугушууга Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши, Эл аралык түрк академиясы, ТүркПА, ТҮРКСОЙ, Европа бирлиги, АӨИЧК, ЖККУнун КМШдагы Аткаруу комитети, Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясы жана Евразия өнүктүрүү банкынын жетекчилери жана өкүлдөрү катышты.
1 / 12
Жапаров эл аралык уюмдардын башчылары менен жолукту
2 / 12
Жапаров эл аралык уюмдардын башчылары менен жолукту
3 / 12
Жапаров эл аралык уюмдардын башчылары менен жолукту
4 / 12
Жапаров эл аралык уюмдардын башчылары менен жолукту
5 / 12
Жапаров эл аралык уюмдардын башчылары менен жолукту
6 / 12
Жапаров эл аралык уюмдардын башчылары менен жолукту
7 / 12
Жапаров эл аралык уюмдардын башчылары менен жолукту
8 / 12
Жапаров эл аралык уюмдардын башчылары менен жолукту
9 / 12
Жапаров эл аралык уюмдардын башчылары менен жолукту
10 / 12
Жапаров эл аралык уюмдардын башчылары менен жолукту
11 / 12
Жапаров эл аралык уюмдардын башчылары менен жолукту
12 / 12
Жапаров эл аралык уюмдардын башчылары менен жолукту
Жапаров Кыргызстан келишимдерге ылайык бардык эл аралык милдеттенмелерди мындан ары да аткара берерин белгилеген.
"Улуттук экономиканын туруктуу өнүгүшү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп, инвестициялардын агымын көбөйтүү зарыл. Бул багытта Евразия экономикалык биримдигинин потенциалдуу рыногуна чыгууну көздөйбүз. Мындан сырткары, ЖККУга мүчө-мамлекеттердин жамааттык коопсуздугун камсыз кылууга абдан кызыкдарбыз", — деген Жапаров.
Президент ар бир эл аралык уюмдун өлкө үчүн маанисин белгилеп өткөн.
Өз кезегинде эл аралык уюмдардын башчылары Садыр Жапаровду президенттик кызматка расмий киришүүсү менен куттуктап, мындан ары да тыгыз кызматташууга жана жүргүзүлүп жаткан реформаларды колдоого даяр экендигин айтышкан.