ЖККУнун башкы катчысы Зась менен Казакбаев жолукту. Талкууланган маселелер

Тараптар регионалдык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндө кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын талкуулашкан.
Sputnik
БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Садыр Жапаровдун президенттик кызматка киришүү аземине катышуу үчүн келген Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) башкы катчысы Станислав Зась менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы билдирди.
1 / 3
Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Садыр Жапаровдун президенттик кызматка киришүү аземине катышуу үчүн келген Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) башкы катчысы Станислав Зась менен жолугушту
2 / 3
Жолугушуунун жүрүшүндө жамааттык коопсуздук системасын мындан ары чыңдоо маселелери боюнча пикир алмашуу болгон
3 / 3
Ошондой эле тараптар регионалдык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндө кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын талкуулашкан.
Жолугушуунун жүрүшүндө жамааттык коопсуздук системасын мындан ары чыңдоо маселелери боюнча пикир алмашуу болгон. Ошондой эле тараптар регионалдык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндө кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын талкуулашкан.
ИИМ: инаугурация күнү кортеж өтүп, жолдор бир нече секундга гана жабылат
Зась уюмдун учурдагы ишмердүүлүгү жана ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин декабрдагы сессиясынын чечимдерин ишке ашыруу боюнча пландаштырылып жаткан иши жөнүндө маалымат берген.
Өз кезегинде Казакбаев ЖККУнун алкагында бардык тараптардын кызыкчылыктарына жооп берген багыттар боюнча натыйжалуу жана өз ара пайдалуу кызматташууга кызыкдар экендигин билдирген.