Бир туугандары, үй-бүлөсү көз салып. Садыр Жапаровдун ант берген аземинен 17 ирмем

Sputnik

Төмөндө Sputnik Кыргызстан бүгүнкү ант берүү аземинен алып даярдаган сүрөт түрмөктү сунуштайт.

Жапаров элдин алдында Конституцияга колун коюп ант берди.

"Мен, Жапаров Садыр Нургожоевич, Кыргыз Республикасынын президенти кызматына киришип жатып, Кудайдын жана элимдин алдында мамлекет башчысынын ыйгарым укуктарын адилеттүү ишке ашырууга, адамдын жана жарандардын укуктарын коргоого, Кыргыз Республикасынын Конституциясын так аткарууга, элибиздин биримдигин жана мамлекетибиздин бүтүндүгүн, коопсуздугун сактоого ант беремин!" — деп Жапаров кызматка расмий түрдө киришти.

Бүгүн ошентип Кыргызстандын эгемен тарыхындагы алтынчы президент Садыр Жапаров расмий ишке киришти.

 

1 / 17
Садыр Жапаровдун инаугурациясы Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда өттү. Жапаров ант берүү үчүн кирип баратып Манас баатырдын эстелигинин алдында саамга токтоду. Ал учурда Саякбай Каралаевдин айтуусунда "Каныкейдин Тайторуну чапканы" жаңырып турду
2 / 17
Садыр Жапаров 2020-жылы 5-октябрдын түнүндө элдик толкундоодон кийин абактан чыккан. Үч айдан кийин Кыргызстандын президентти болуп шайланып, 2021-жылы 28-январда мамлекет башчынын кызматына расмий киришти
3 / 17
Садыр Жапаров Конституцияга колун коюп, ант берип жаткан учуру
"Бул жолу калың элдин жеңиши уурдалбайт, калайык калктын аруу мүдөөсү узурпация болбойт! Эл-журтумдун ошондогу талабын жүзөгө ашырууну көздөө — менин президенттик мөөнөтүмдүн негизги мүдөө-максаты болмокчу", - деди Жапаров ал эл алдында ант берип жатып.
4 / 17
Мамлекеттик штандартка таазим кылып жаткан ирмем. Садыр Жапаров учурда 53 жашта. Биринчи билимин Фрунзе шаарындагы Мамлекеттик дене тарбия жана спорт институтунан алган. Кийин ЖК депутаты болгондо юридикалык билим алган
5 / 17
Садыр Жапаров - Кыргызстандын алтынчы президенти болуп калды
6 / 17
Садыр Жапаров ант бергенден кийин сүйлөп жатып, Кыргызстандагы бардык саясий күчтөрдү, оппоненттерди, улуттук азчылыктарды жана диний конфессияларды өлкөнү өнүктүрүүдө тилектеш, максатташ болууга чакырды
7 / 17
Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 10-январда өттү. Анын жыйынтыгында Садыр Жапаров шайлоочулардын 79,2 пайыз добушун алып жеңип чыкты
8 / 17
Садыр Жапаровдун бет кап тагынган аялы Айгүл Асанбаеваны көрүүгө болот. Ал эми анын оң жагында уулу, сол жагында кызы Жанайым отурат
9 / 17
Садыр Жапаров 11 бир тууган. Алар - Акат, Сабыр, Райкүл, Садыр, Дөөлөтбек, Эркинбек, Салтанат, Орозбек, Аскарбек, Райкан, Гүлбайра. Сүрөттөгү арткы фондон Садыр Жапаровдун туугандарын көрүүгө болот
10 / 17
Садыр Жапаровдун ант берүү үчүн кирип келе жаткан учуру
11 / 17
Инаугурацияга КРдин 5-президенти, бийликти Садыр Жапаровго өткөрүп берген Сооронбай Жээнбеков катышты
12 / 17
Биринчи катарда Жогорку Кеңештин экс-төрагалары, экинчи катарда Кыргызстандын мурдагы премьер-министрлери отурат. Алар ант берүү аземине чакырылган коноктордун катарында болду
13 / 17
Садыр Жапаровдун инаугурацияга чакырылган туугандары. Арткы катарда отурган жигит - Садыр Жапаровдун уулу Рустам
14 / 17
Сүрөттө (оңдон экинчи, бет капсыз отурган кыз) жакында эле Кыргызстандын сулуусу аталган Лаззат Нургожоева. Ал Садыр Жапаровдун агасынын кызы
15 / 17
Садыр Жапаров Улуттук Гвардиянын аскерлеринин жүрүшүн КРдин куралдуу күчтөрдүн кол башчысы катарында кабылдады. Сүрөт инаугурациядан кийин Улуттук филармониянын алдында тартылган
16 / 17
Президент Садыр Жапаров жана анын досу, партиялашы УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев. Өкмөт үйү, инаугурациядан кийин тартылган сүрөт
17 / 17
Кыргызстандын башка президенттеринен айырмаланып Садыр Жапаровдун иш кабинети борбордук "Ала-Тоо" аянтынын жанындагы Ак үйдө эмес, эски аянтта жайгашкан Өкмөт үйүндө жайгаша турган болду.