Ошто жер титиреди

Жер титирөө Ош облусунун беш айылында сезилген. Анын кесепетинен жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Sputnik
БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Бүгүн, 28-январда, саат 14:22де Ош облусунун аймагында очогундагы күчү үч баллга жеткен жер титиреди. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Жер титирөө Кара-Кулжа районунун Кара-Кочкор айылында үч балл, Өзгөн районунун Чимбай айылында үч балл, Мырзаке, Салам-Алик айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.