Генералдык штабдын башчысы Өмүралиев ЖККУнун башкы катчысы Зась менен жолукту

ЖККУнун башкы катчысы жаңы шайланган президент Садыр Жапаровдун инаугурациясына катышуу үчүн Бишкекке келген.
Sputnik
БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Кыргызстан Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын начальниги Таалайбек Өмүралиев Жамаааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) башкы катчысы Станислав Зась менен жолукту. Бул туурасында Генералдык штабдын маалымат кызматы билдирди.
1 / 2
Кыргызстан Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын начальниги Таалайбек Өмүралиев Жамаааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) башкы катчысы Станислав Зась менен жолукту
2 / 2
Жолугушууда тараптар 2020-жылдагы жалпы ишмердүүлүктүн жыйынтыгын чыгарышты.
Жолугушууда тараптар 2020-жылдагы жалпы ишмердүүлүктүн жыйынтыгын чыгарышты. Мындан тышкары, былтыр эпидемиологиялык кырдаалдан улам көптөгөн биргелешкен практикалык иш-чаралар өтпөй калганына карабай, ЖККУнун туруктуу органы тарабынан концепциялык документтер жана уюмдун укуктук-нормативдик базасын жакшыртуу боюнча чоң иштер жасалганын белгилешкен.
"КР Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабы уюмдун талаптарына ылайык жамааттык коопсуздукту жана туруктуулукту камсыздоо боюнча эффективдүү системаны орнотууга толугу менен даяр", — деди Өмүралиев.
ЖККУнун башкы катчысы Станислав Зась жаңы шайланган президент Садыр Жапаровдун инаугурациясына катышуу үчүн Бишкекке келген.