Чүйдө ооругандар көп. Коронавирус боюнча статистика

Кыргызстанда расмий түрдө 84 303 кишиде оору аныкталып, анын жарымынан көбү сакайган. Бул жугуштуу оору 1 408 кыргызстандыктын өмүрүн алды.
Sputnik
БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Кыргызстанда бир сутка ичинде 128 киши коронавирус жуктуруп алса, 151 бейтап ооруну жеңди. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:
Кыргызстанда расмий түрдө 84 303 кишиде оору аныкталды.
Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда:
Пандемиядан бери ооруну 80 481 киши жеңди.
Тилекке каршы, акыркы суткада COVID-19дан Бишкекте үч киши каза тапты. Бул жугуштуу оору 1 408 кыргызстандыктын өмүрүн алды.
Учурда стационарда 618 бейтап дарыланууда. Төрт адамдын абалы канааттандырарлык, 387си орточо, 206сы оор, 21и өтө оор абалда. Амбулатордук дарыланууда 863 бейтап бар.