Кыргызстанда 30дан өткөн эркектер арасында салмак кошкондор көп. Статистика

Биздин өлкөдө эркектер арасында 40,4 пайызынын ашык салмагы бар. Бул көрсөткүч аялдар арасында 32,5 пайызды түзөт.
Sputnik
БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Кыргызстанда ашыкча салмагы бар аялдарга караганда эркектер көптүк кылат. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
Ведомство жашы 30дан жогорку адамдардын арасында семирип кетүү көйгөйү бар экенин айтат.
"Эркектер арасында 40,4 пайызынын ашык салмагы бар. Бул көрсөткүч аялдар арасында 32,5 пайызды түзөт. Өзгөчө бул 30 жаштан жогорку эркектердин көйгөйү болуп эсептелет", — деп айтылат билдирүүдө.
Азыркы учурда диетологдор туура арыктоонун жолдорун байма-бай сунуштап келишет. Мисалы, россиялык адистер диетасыз салмак таштоонун 12 эрежесин айтышкан.