Казакбаев Европа биримдигинен эмдөө жүргүзүүдө колдоо көрсөтүүнү өтүндү

Жолугушууда европалык тарап Кыргызстанга мындан ары дагы ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даяр экендигин маалымдады.
Sputnik
БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев жаңы шайланган президент Садыр Жапаровдун инаугурациясына катышуу үчүн келген элчи, Европа биримдигинин Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан менен жолукту. Бул туурасында министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Генералдык штабдын башчысы Өмүралиев ЖККУнун башкы катчысы Зась менен жолукту
Ал эми Буриан европалык тарап КРдеги саясий кырдаалдын турукташуусун кубаттай тургандыгын жана мындан ары дагы ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.
Ошондой эле сүйлөшүү учурунда ЕБ тарабынан берилген ВСП+ статусунун мүмкүнчүлүктөрүн КРде пайдалануунун алкагында долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланган.