БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Дедолларизация кылуунун башкы максаты тобокелчиликтерди азайтуу болуп саналат. Бул тууралуу Евразия өнүктүрүү банкынын жана Евразия өнүктүрүү, турукташтыруу фондунун экономисти Евгений Винокуров билдирди.
"Башкы жана биринчи приоритетибиз дедолларизация кылуу. Бул тобокелчиликтен алыс болуунун бир ыкмасы. Сооданы тейлеп, тобокелчиликти азайтуу үчүн валютаны диверсификация кылуу маанилүү. Мында еврого, рублге же башка улуттук валютага өтсө болот", — деди Винокуров.
Евразия өнүктүрүү жана турукташтыруу фондунун маалыматында жазылгандай, дедолларизация ЕАЭБдин аймагында курс өйдө-төмөн болуп кеткен учурда каржылык жоготууларды азайтуу үчүн керек.