Бишкектин борбордук мечитинен 10 миң доллар уурдаган шектүү кармалды

Бишкектин криминалдык милициясынын мүлктүк кылмыштардын бетин ачуу бөлүмүнүн кызматкерлери уурулукка шектүүнү колго түшүрдү.
Sputnik
БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Бишкектин криминалдык милициясынын ыкчам кызматкерлери борбордук мечиттен ири суммадагы акча уурдаган шектүүнү колго түшүрдү. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат кызматы билдирди.
Бишкекте каракчылыкка шектүү кармалып, үйүнөн курал табылды. Видео
Бул факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш кодексинин 200-беренеси ("Уурулук") боюнча сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Издөө ишинин жүрүшүндө шаардык милициянын мүлктүк кылмыштарды ачуу боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери уурдоого шектүү 50 жаштагы адамды кармашкан. Тергөө амалдарын жүргүзүү учурунда уурдалган барсетка, ичиндеги акчалары менен табылып алынган.
Учурда тергөө иштери улантылууда.