Улуттук банк быйыл алтын монеталардын дагы бир коллекциясын чыгарат

2021-жылы "Тарыхый окуялар" сериясынан "Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнө 30 жыл" деп аталган алтын жана күмүш монеталарынын 1000 экземплярын чыгаруу пландалып жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Быйыл Кыргызстандын Улуттук банкы алтындан коллекциялык монеталарды чыгарууну пландоодо. Бул тууралуу аталган банктын маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, жалпы 6 миң монета чыгаруу мерчемделип жатат. Анын жарымы баалуу металлдан жасалары айтылды.
"2021-жылы "Тарыхый окуялар" сериясынан "Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнө 30 жыл" деп аталган алтын жана күмүш монеталарынын 1000 экземплярын чыгаруу каралууда", — деп айтылат маалыматта.
Былтыр Улуттук банк сомду колдоо үчүн 500 млн. доллардан ашык каражат жумшады
100 сом алтын монетасы 999-пробадагы металлдан жасалса, 10 сом номиналындагы күмүш монеталар 925-пробадагы металлдан даярдалат.
Быйыл КМШнын 30 жылдыгына карата миң күмүш монета чыгаруу да пландалып жатканы айтылды.
Улуттук банк 1 сом номиналында "Жашоо үчүн рахмат!" деп аталган жез-никель монетасынан үч миңди чыгарууну да ойлоп жатканын кабарлаган.
Банктын маалымат кызматы билдиргендей, улуттук валюта киргизилгенден бери алтын монетанын төрт түрү чыккан. Алар: