Ноокенде өспүрүм кызды опузалап акча талап кылган адам кармалды

Кылмышка шектелген адам өспүрүм кызды коркутуп, үйүндөгү 300 миң сомдук алтын буюмдарын саттырып, акчасын коротуп жибергени белгилүү болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда 16 жаштагы кызга "жылаңач сүрөттөрүңдү жарыялайм" деп опузалап 300 миң сом талап кылган адам кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, райондук милицияга 43 жаштагы аял кайрылып, декабрь айынан бери кызынын сүрөттөрүн интернетке чыгарам деп ири суммада акча өндүрүп алган адамга чара көрүүнү суранган.
Шектүү өспүрүм кызды коркутуп, үйүндөгү 300 миң сомдук алтын буюмдарын саттырып, акчасын коротуп жибергени белгилүү болгон.
Эркек кишини интимдик видео менен шантаж кылган аял кармалды. Бишкектеги окуя
Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 203-беренеси ("Пара талап кылуу") менен тергөө амалдары башталган.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары Базар-Коргон районунун 21 жаштагы тургуну кармалган.
Ал жасаган ишин толугу менен мойнуна алган. Соттун чечими менен үй камагына алуу боюнча баш коргоо чарасы тандалган. Учурда тергөө жүрүп жатканы айтылды.