Жогорку Кеңешке жаңы вице-спикер шайланды

Төраганын орун басары кызматына парламенттин оппозициялык фракцияларынан эки талапкер көрсөтүлүп, жашыруун добуш берилди.
Sputnik
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңештин вице-спикери болуп Нурбек Сыдыгалиев шайланды.
Аягына чейин иштесеңиз болмок. Касымалиева кызматтан кеткен Бакировго кайрылды
Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы менен Сыдыгалиев 77 депутаттын колдоосуна татып, вице-спикер болуп шайланды. Ал эми атаандашы Исмаилов 38 эл өкүлүнүн добушун алды.
Мурдагы вице-спикер Мирлан Бакиров белгисиз себептерден улам өткөн жылдын 23-декабрында кызматын тапшырып кеткен.