Конституциялык кеңешме ишин жыйынтыктады. Эми Баш мыйзамды Жогорку Кеңеш карайт

Баш мыйзамдын долбоорун талкуулоо үчүн түзүлгөн Конституциялык кеңешме өткөн жылдын 20-ноябрынан бери иш алып барды.
Sputnik
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Жаңы Баш мыйзамды жазып жаткан Конституциялык кеңешме өз ишин жыйынтыктады. Бул тууралуу кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев бүгүнкү жыйындын соңунда билдирди.
1 / 4
Жаңы баш мыйзамды жазып жаткан Конституциялык кеңешме өз ишин жыйынтыктады. Бул тууралуу кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев бүгүнкү жыйындын соңунда билдирди.
2 / 4
Анын айтымында, айтылган сунуштар боюнча дагы иштеп чыгып, Конституция долбоорунун акыркы варианты эки-үч күндүн ичинде Жогорку Кеңешке жөнөтүлөт
3 / 4
Мындан ары долбоор Жогорку Кеңеш тарабынан каралып, референдум дайындалат
4 / 4
Эске салсак, өткөн жылдын 17-ноябрында Жогорку Кеңештин 80 депутаты Конституциянын жаңы долбоорун жана референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыккан.
Анын айтымында, айтылган сунуштар боюнча дагы иштеп чыгып, Конституция долбоорунун акыркы варианты эки-үч күндүн ичинде Жогорку Кеңешке жөнөтүлөт.
"Конституция - мамлекеттин негизги документи. Бул өтө чоң, татаал иш экен, биз аны татыктуу аткарганга аракет кылдык. Конституция президенттик башкаруу формасына ыктап жазылды. Бүгүн кеңешменин 67 мүчөсүнүн добушу менен жаңы Баш мыйзамдын долбоору колдоо тапты", — деди Бөрүбашев.
Мындан ары долбоор Жогорку Кеңеш тарабынан каралып, референдум дайындалат.
Кандай укукка ээ болору белгисиз президент шайланабы? Саясий абалга сереп
Эске салсак, өткөн жылдын 17-ноябрында Жогорку Кеңештин 80 депутаты Конституциянын жаңы долбоорун жана референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыккан. Парламентарийлердин демилгеси коомчулуктун катуу сынына кабылды. Мындан улам президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовдун жарлыгы менен Баш мыйзамдын долбоорун талкуулоо үчүн 20-ноябрда Конституциялык кеңешме түзүлгөн.
Ал эми 10-январда өткөн референдумда көпчүлүк эл президенттик башкаруу формасын тандаган. Өткөн аптада ЖКнын үч депутаты Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумду жөнөкөйлөштүрүп, тез аранын ичинде өткөрүп салууну демилгеледи. Алар мыйзам долбоорун коомдук талкуусуз эле үч окуудан тең бир күндө өткөрүүнү сунуштап жатат.