Анаркулов: инаугурацияга чакырылгандардын баарынын ПЦР-анализи таза чыкты

Президенттин кызматка киришүү үчүн ант берүү аземине ар кайсы катмардагы миңден ашуун мейман чакырылган.
Sputnik
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Жаңы шайланган президент Садыр Жапаровдун инаугурациясына чакырылган коноктордун баарынын коронавируска тапшырган тести таза чыкты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Нургазы Анаркулов билдирди.
Жапаров филармонияга кирерде "Манас" жаңырат. Инаугурациянын программасы
Иш-чара санитардык-эпидемиологиялык талаптарга ылайык уюштурулуп, коноктордун баары коронавирус инфекциясына ПЦР-анализ тапшырышкан.
Садыр Жапаровдун инаугурациясы эртең, 28-январда, саат 11:00дө Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда өтөт.