Баланы сексуалдык зомбулуктан кантип коргоо керек. ИИМдин эрежелери

ИИМ балдарга карата сексуалдык зомбулук болгон учурда кылмыштын издерин сактоо үчүн кийимдерди жууп же ыргытып салбоо зарыл экенин билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Кыргызстанда сексуалдык зомбулукка жашы жете электердин 80 пайызы тааныштары жана туугандары тарабынан кабылат. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Ошондой эле балдарга карата сексуалдык ыдыктар үйүндө же конокто жасалары айтылат. 
Мындан сырткары, ата-энелерге балдардын уюлдук телефонуна "Мен милициянын аймактык инспекторумун"  жана "112 Кыргызстан" тиркемелерин көчүрүп берүүнү сунуштады. 
"Зомбулук болгон учурда эмне кылуу керек? Кылмыштын издерин сактоо үчүн кийимдерди жууп же ыргытып салбоо зарыл. Милицияга жана медициналык мекемеге кайрылуу керек. Биринчи 72 саатта дарыгер ВИЧтин, жыныстык жугуштуу оорулардын жугушунун алдын алууга, күтүлбөгөн жерден бойго бүтүрбөөгө жардам берет. Ошондой эле зомбулукка кабылган жашы жете электерге психологиялык жардам берүү маанилүү", — деп айтылат билдирмеде.
Балдарга карата сексуалдык же башка мүнөздөгү зордук-зомбулуктар жасалса 102, 112 кызматтарына жана 111 ишеним телефондоруна байланышууга болот.