Мамытканов: "саясий кереметке" жетиштик, "экономикалык кереметке" мезгил келди

Мамытканов Финполдун жардамы менен коррупционерлер коомчулукка жек көрүндү персонага айланышы керектигин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Вице-премьердин милдетин аткаруучу Максат Мамытканов Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын (Финпол) иши менен таанышты.
1 / 3
Вице-премьердин милдетин аткаруучу Максат Мамытканов Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын (Финпол) иши менен таанышты
2 / 3
Ал экономикалык кылмыштуулук жаатындагы мыйзам бузууларды ачыктоо жана жол бербөө боюнча жаңыча кадамдарды жасоо зарыл экендигин белгиледи
3 / 3
Ошондой эле ал 10 күндүк мөөнөттө мамлекеттин экономикалык коопсуздугун, коомдун, ишкер субъектилеринин жана жарандардын мыйзамдык укуктарын жана кызыкчылыктарын камсыздоо боюнча ишти жакшыртуу сунушун берүүнү тапшырган.
Ал экономикалык кылмыштуулук жаатындагы мыйзам бузууларды ачыктоо жана жол бербөө боюнча жаңыча кадамдарды жасоо зарыл экендигин белгиледи.
"Коомчулукта Финполиция коррупциялашкандыгы, ал эми кызматкерлери кызматтык абалын кыянаттык менен колдонору айтылып келет. Бирок мындай пикирди өзгөртүүгө учур келип жетти. Биз өлкө тарыхындагы ачык-айкын шайлоону өткөрүү менен "саясий кереметке" жетиштик, эми "экономикалык кереметке" жетишүү мезгили келди. Аны ишке ашыруу ар бирибизден көз каранды. Күч-аракетибизди 100 пайызга жумшап, жаңы деңгээлге чыгышыбыз керек. Сиздердин жардамыңыздар менен коррупционерлер жек көрүндү персонага айланууга тийиш. Коррупциялык көрүнүштөргө терс караган коомдо гана өнүгүп-өсүү болот", — деди Мамытканов.
Ошондой эле ал 10 күндүк мөөнөттө мамлекеттин экономикалык коопсуздугун, коомдун, ишкер субъектилеринин жана жарандардын мыйзамдык укуктарын жана кызыкчылыктарын камсыздоо боюнча ишти жакшыртуу сунушун берүүнү тапшырган.