БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылса, саясий партияларга төккөн күрөөсүн кайтарып берүү мыйзам долбоору сунушталып, Жогорку Кеңеште биринчи окууда каралды.
Демилгенин автору депутат Улукбек Ормонов баяндама жасап жатып, өткөн парламенттик шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыккандан кийин бир дагы партия күрөөсүн кайтарып ала албаганын белгиледи. Мындан улам аталган мыйзам долбоорун жазып чыкканын айтты.
"Эгер бул мыйзам долбоору колдоо тапса, жыйынтыгы жокко чыгарылган 4-октябрдагы парламенттик шайлоого катышкан партиялардын күрөөсү кайтарылат. Мыйзам артка иштей тургандай кылып өзүнчө бир пункт киргизилет", — деди Ормонов.
Эл өкүлү Сайдулла Нышанов күрөөнү кайтарбаш керектигин айтып, бул мыйзам долбоорун колдобоого чакырды. Ал шайлоо учурунда мамлекет дагы чыгымга учурай турганын белгилейт.
Ал эми Дастан Бекешев шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга себепчи болгон "Мекеним Кыргызстан", "Биримдик" жана "Кыргызстан" партияларына кайтарып бербөөнү сунуштады.
Натыйжада мыйзам долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Белгилей кетсек, 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган. БШК мындай чечимди шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл митингге чыгып, Ак үйдү басып алгандан кийин кабыл алган. Андагы шайлоо күрөөсү 5 миллион сомду түзгөн, жалпысынан 16 партия катышкан.