Пресс-борбор

Арыз жиберсең, отчётун аласың. Шаардыктар үчүн жаңы система ишке кирди

Шаардыктар атайын системанын жардамы менен муниципалдык кызматтарга ордо калаадагы көйгөйлүү жерлер боюнча арыздарын калтырып, иштин жүрүшү боюнча кайра отчёт ала алышат.
Sputnik
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Бишкек мэриясы сынамык иретинде атайын системаны ишке киргизди. Анда шаардыктар муниципалдык кызматтарга онлайн түрүндө арыз калтырып, алардын аткарылышын көзөмөлдөп турушат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин пресс-борборунда өткөн брифингде "Санарип технология борбору" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Адилет Абылов билдирди.
Анын айтымында, бул системада муниципалдык кызматтар арасында жумуштун көлөмүн ыкчам жана натыйжалуу бөлүштүрүүгө да мүмкүнчүлүк түзүлгөн.
Бул программаны ишкана өз күчү менен иштеп чыкканы маалым болду.
"Санарип технология борбору" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Адилет Абылов
"Санарип системасы сынамык иретинде иштеп баштады. Шаардыктар порталга кирип муниципалдык кызматтар үчүн арыздарын калтыра алышат. Азыр системага мэриянын алдындагы жети мекемеден, тагыраагы, "Тазалык", "Бишкек жашыл чарба", "Бишкек жарык", "Бишкек лифт", "Бишкек асфальт сервис", "Бишкек жылуулук энерго", "Санарип технология борбору" ишканаларынан жалпы 2 217 кызматкер кошулду. Ар бир кайрылууга жооп болот", — деди Абылов.
Система "Өндүрүлгөн иштерди каттоо" (УПР) деп аталат.
Аталган портал "Түндүк" системасы менен кызматташат. Андагы маалыматтар өзүнчө серверге сакталып, жеке маалыматтар корголо турганы айтылды.
Пресс-борбор
Борбор калаада "акылдуу" аялдамаларды ишке киргизүү демилгеленүүдө
"Сынамык иретинде жумуш бүткөндөн кийин бишкектиктер арызды жөн эле жазып койбой даректи көрсөтүп, сүрөт да беките алышат. Арыз дароо УПР системасына түшүп, диспетчер кызматынын көзөмөлүнүн алдында белгилүү бир кызматкердин аткаруусуна жөнөтүлөт. Иштин жасалганын арыз ээси дароо көрө алат", — деп түшүндүрүштү мэриядан.
Бул порталдын жардамы менен муниципалдык кызматтардын ишти кандай аткарып жатканын көзөмөлдөсө болот.
"Мисалы, көзөмөлдөө системасы таштанды ташыган автоунааларга коюлган. Анда биз кайсы жерлерде иш аткарылганын көрүп турабыз. Башка кызматтардын жумушу да ушундай эле жол менен текшерилип турат"— деди Абылов.
Аталган порталды ишке ашыруу менен мэрия өкүлдөрү бюрократиядан арылып, чыгымдарды кыскартууну көздөп жатканын кошумчалашты.