БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Архивдик документтерди сактоо эрежелерин бузгандарга айып салуу чараларын киргизүү сунушталууда. Аталган мыйзам долбоорун ЖКнын Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитети экинчи окуудан карады.
Аталган документ ведомстволук жана мамлекеттик архивдерге кабыл алынган документтерди мамлекеттин, коомдун кызыкчылыгы үчүн сактоону жана көп жолу пайдаланууну камсыз кылуу максатында иштелип чыккан.
Анда архивдик документтерди түзүү, каттоо жана сакталышын камсыздоо эрежелерин бузууга, ошондой эле архивдик материалдарды жоготуп, тытып же мыйзамсыз жок кылгандыгы үчүн айып салуу сунушталууда.
Комитеттин төрайымы, депутат Наталья Никитенко мыйзам долбоорунда архивдик документтердин түп нускасын алууга тыюу салынганын белгиледи.