Жээнбековдун инаугурацияга чакырылышына каршы болгондор митингге чыгышты

Акцияга чыккандар Жээнбековду пандемия учурундагы адам өлүмүнүн саны көбөйүп кеткенине айыптап, анын бир тууганы Асылбек Жээнбеков экөөнү камакка алууну талап кылышты.
Sputnik
БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Ак үйдүн алдына келген бир нече аял экс-президент Сооронбай Жээнбековду жоопко тартуу талабын коюп митинг өткөрүп жатышат. Бул тууралуу Sputnik агенттигинин кабарчысы жеринен билдирди.
1 / 4
Ак үйдүн алдына келген бир нече аял экс-президент Сооронбай Жээнбековду жоопко тартуу талабын коюп митинг өткөрүп жатышат
2 / 4
Акцияга чыккандар Жээнбековду пандемия учурундагы адам өлүмүнүн саны көбөйүп кеткенине айыптап, анын бир тууганы Асылбек Жээнбеков экөөнү камакка алууну талап кылышты
3 / 4
Алар, ошондой эле, экс-президенттин инаугурацияга чакырылышына каршы болушту
4 / 4
Жаңы шайланган президент Садыр Жапаровдун инаугурациясы 28-январь күнү Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өтмөкчү. Иш-чарага миңден ашык конок чакырылды.
Акцияга чыккандар Жээнбековду пандемия учурундагы адам өлүмүнүн саны көбөйүп кеткенине айыптап, анын бир тууганы Асылбек Жээнбеков экөөнү камакка алууну талап кылышты.
Алар, ошондой эле, экс-президенттин инаугурацияга чакырылышына каршы болушту.
Жаңы шайланган президент Садыр Жапаровдун инаугурациясы 28-январь күнү Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтмөкчү. Иш-чарага миңден ашык конок чакырылды.