Соо жер калтырбайт окшойт. Адис COVID-19 көздү да жабыркатарын айтты

Адистин пикиринде, коронавирус башка органдар сыяктуу эле көзгө дагы терс таасирин тийгизет. Бирок ал дароо эле билине калбай, убакыт өткөндөн кийин чыгышы мүмкүн.
Sputnik
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Коронавирустун айынан аллергиялык конъюнктивит өрчүп же көзгө байланыштуу башка оорулар пайда болушу мүмкүн. Бул тууралуу Николай Пирогов атындагы улуттук медициналык-хирургиялык борборунун доценти, офтальмолог Ирина Лещенко Sputnik радиосунун эфиринде айтып берди.
Адистин пикиринде, коронавирус башка органдар сыяктуу эле көзгө дагы терс таасирин тийгизет. Бирок ал дароо эле билине калбай, убакыт өткөндөн кийин чыгышы мүмкүн.
"Мисалы, аллергиялык конъюнктивит илдети. Байкашыбызга караганда, мурда көзгө байланыштуу аллергиясы бар кишилер вируска чалдыгып, ооруп жаткан кезде эч нерсе билинбейт. Бирок бир нече аптадан кийин башталат", — деди дарыгер.
COVID-19дун оор формасы эркектердин уругун жок кылган. Жаңы иликтөө
Ал эми глаукома сыяктуу көздүн өнөкөт илдеттери бар кишилер коронавирустан сакайгандан кийин офтальмологго көрүнүп койгону жакшы. Дарыгер көздүн кан басымын текшерип коюшу керек.
Адистер COVID-19дун ар кандай кесепеттери тууралуу байма-бай айтып келишет. Буга чейин россиялык дерматолог коронавирус териге дагы оор кесепетин тийгизерин билдирген.