БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Малдын тукумун асылдандыруу максатында өлкөдө жасалма уруктандыруу пунктуларын ачуу пландалууда. Бул боюнча токтом долбоорун Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги өкмөттүн кароосуна киргизди.
Бул өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу маселесин натыйжалуу чечүүгө жана малчылардын жашоо-шартын жакшыртууга өбөлгө болору айтылат.
"Азыркы мал чарбасынын шарттарында табигый жол менен төл алуу дайыма эле кепилденген эмес. Уйларды бука менен куудуруу учурунда трихомоноз, бруцеллез же вибриоз инфекциялык ооруларын жуктуруп алышы мүмкүн. Бул көйгөйлөрдүн баарын жасалма уруктандыруу аркылуу жоё алабыз. Ал гана эмес тууттун так мөөнөтүн, ошондой эле алган төлдүн сапаттык өзгөчөлүктөрүн да камсыз кылат. Жасалма уруктандыруу менен багылып жаткан малдын асыл тукумдук жана азыктык сапатын жакшыртууга болот", — деп жазылган долбоордо.
Аталган токтом долбоору кабыл алынса асыл тукум тармагындагы ишкердикти өнүктүрүүгө шарт түзүлөрү белгиленет.