"Манас" аэропортундагы туман тарап, кадимки режимде иштей баштады

"Манас" аба майданынын аймагын эртең менен туман каптаган болчу. Мындан улам аэропорттун жетекчилиги жүргүнчүлөрдү каттамдар боюнча учак жайынын сурап-билүү бөлүмүнө чалып тактоону өтүнгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. "Манас" эл аралык аэропорту кадимки режимде ишин уланта баштады. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, аба майдандын аймагындагы туман тарап, бүгүн кармалып турган каттамдар жанданды.
Буга чейин коюу тумандан улам айырым каттамдар кармалганы айтылган.
Аэропорттун маалымат кызматы жүргүнчүлөрдү "Манас" аэропортундагы каттамдар боюнча маалыматтарды 0(312)693109 телефону аркылуу тактап алууну сунуштады.