КРде ГЭС курууга алынган лицензияны башкага сатып ийүүгө тыюу салуу сунушталды

Жыргалбек Сагынбаевдин айтымында, лицензия алган тарап аны экинчи, үчүнчү жакка соодалап жибербей, үч жылдын ичинде ГЭС куруу милдетин алат.
Sputnik
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын милдетин аткаруучу Жыргалбек Сагынбаев өкмөттөн чакан гидроэлектр станцияларын курууга лицензияларды кайра сатууга тыюу салуусун өтүндү. Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингге катышты.
Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын милдетин аткаруучу Жыргалбек Сагынбаев
"Бул өтө маанилүү нерсе. Лицензияны алган адам аны пайда көрүү үчүн кайра сатпашы керек. Бизге мунун кереги жок. Бул боюнча эрежелерге өзгөртүү киргизүү өтүнүчү менен өкмөткө кайрылдык. Лицензия алган тарап аны экинчи, үчүнчү жакка соодалап жибербей, үч жылдын ичинде ГЭС куруу милдетин алат. Каталарыбызды кайталай бербешибиз керек", — деди Сагынбаев.
Анын айтымында, министрлер кабинети бул сунушту позитивдүү кабыл алды. Жакында токтомго өзгөртүүлөр киргизилиши күтүлүүдө.