Президенттин инаугурациясы "Ала-Тоо" аянтындагы экрандан көрсөтүлөт

Инаугурация 28-январь күнү Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониянын чоң залында өтөт.
Sputnik
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Садыр Жапаровдун инаугурациясы "Ала-Тоо" аянтында орнотулуп жаткан чоң экрандан көрсөтүлөт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Бишкек мэриясынан кабарлашты.
Садыр Жапаровдун инаугурациясы "Ала-Тоо" аянтында орнотулуп жаткан чоң экрандан көрсөтүлөт
Учурда Манас айкелинин алдында бир нече адам LED-экранды коюу үчүн темир конструкцияны монтаждап жатышат.
Инаугурация 28-январь күнү Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониянын чоң залында өтөт.
Сооронбай Жээнбеков Садыр Жапаровдун инаугурациясына чакырылды
Президенттин маалымат кызматы иш-чара мамлекеттик телеканалдар аркылуу түз эфирде көрсөтүлө тургандыктан журналисттер катышпай турганын айткан.
Буга чейин президенттин ант берүү аземин өткөрүүгө 10 миллион сом сарпталары айтылган. Ушул эле күнү инаугурацияга даярдык көрүү башталып, шаардын негизги көчөлөрү жабылган. Көп өтпөй автоунаа тыгыны жаралып, коомчулук бул көрүнүшкө сын-пикирлерди билдирген.
Андан соң жаңы шайланган президент Садыр Жапаров чыгымдарды азайтуу талабын коюп, чоң салтанат өткөрүүдөн баш тарткан.